Теке 08, 2024
Убакыт: 08:02
USD
85.70
86.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.955
1.000

Салават Садыракунов "Электр станциялар" ишканасынын директору болуп дайындалды

05.07.2024 11:17
238
Салават Садыракунов "Электр станциялар" ишканасынын директору болуп дайындалды


Садыракунов Салават Садырович "Электр станциялар" ААКтын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен маалымдашты.

Күн мурун министр Таалайбек Ибраев Кара-Көл шаарындагы "Электр станциялар" ААКга иш сапар менен барып, компаниянын жаңы дайындалган башкы директорун эмгек жамаатына тааныштырды.

Министр жумушчу сапардын алкагында компаниянын кызмакерлери менен жолугуп, 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине карата даярдык иши тууралуу маалымат алды. Анда министр алдыдагы кыш мезгилинде калкты электр жарыгы менен камсыз кылуу үчүн ГЭСтердеги реконструкциялоо жана ондоп-түзөө иштерин сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү керектигин эскертти.

Мындан тышкары, энергетика министри "Электр станциялар" ААКтын Кара-Көл шаарына көчүп келгенине байланыштуу жакынкы аралыкта кызматкерлер үчүн кеңсе жана турак жай комплексин курууну тийиштүү жетекчиликке тапшырды.

Иш сапардын жүрүшүндө министр Ибраев Камбар-Ата-1 ГЭСти курууга болгон даярдык иштеринин аткарылышын текшерди. Анын ичинен жолду бетондоо жана куруу, көпүрө куруу, туннелдин казуу, 110 кВ аба чубалгысын тартуу жана ПС-110/6 кВ көмөкчордонуна куруу, жумушчулар үчүн убактылуу шаарча куруу иштери тууралуу жеринде маалымат алды. Ал суук түшкөнгө чейин туннелдин калган бөлүгүн казып бүткөрүүнү жана ГЭСти куруу ишин өз убагында баштоо үчүн даярдык иштерин графикке ылайык өз убагында бүткөрүүнү тапшырды.

Бүгүнкү күндө Камбар-Ата-1 ГЭСине кирүүчү жалпы узундугу 5,6 чакырымды түзгөн жолдун 4 чакырымы бүткөрүлдү. Туннелдин 89 метри казылып бүттү. Ошондой эле 110 кВ аба чубалгысы боюнча иштер аткарылып, жалпы узундугу 5,8 км зым тартылды. Жалпысынан 11 элетр мамысы орнотулду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн