Бугу 17, 2024
Убакыт: 02:05
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Салык кызматы: 1-сентябрда салыктарды төлөөнүн мөөнөтү аяктайт

18.07.2022 13:25
710
Салык кызматы: 1-сентябрда салыктарды төлөөнүн мөөнөтү аяктайт


1-сентябрда транспорт, турак үй жана жер участогуна салык төлөө мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

1-сентябрга чейин кайсы салыктарды төлөө керек?

- транспорт үчүн;

- турак үй, батирге (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган);

- үй, короо-жай жанындагы жер участокторуна.

"Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1 000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып каралган. Ушул жылдан баштап мүлккө, турак жайга жана транспорт каражатына мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептөөлөрдү толтуруу жана салык органдарына тапшыруу зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болору кошумчаланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн