Бугу 14, 2024
Убакыт: 21:14
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Салык кызматы 32 тонна күн карама майын мыйзамсыз алып келүү фактысын аныктады

08.02.2024 16:28
259
Салык кызматы 32 тонна күн карама майын мыйзамсыз алып келүү фактысын аныктады


Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 32 тонна салмактагы күн карама майын мыйзамсыз ташып кирүү фактысын аныкташты.

Ведомстводон билдиришкендей, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы "Ак-Тилек - автожолу" өткөрмө пунктуна жакын жайгашкан товарларды эсепке алуу пунктунан жалпы наркы 1,5 млн сомдон ашкан 32 тонна күн карама майын ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз ташып кирүү аракетине бөгөт коюлду. Документтерди текшерүү учурунда 1,2 млн сом суммасындагы 9900 кг салмакта айырмачылыктар аныкталган.

Жогоруда көрсөтүлгөн жүк менен автоунаа мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн