Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 06:59
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Салык кызматы 98,6 миң литрден ашык мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу майды тартып алды

22.05.2024 10:48
172
Салык кызматы 98,6 миң литрден ашык мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу майды тартып алды


Кыргызстанда 2024-жылдын төрт айында рейддик салык контролунун жүрүшүндө 98,6 миң литрден ашык мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу майды тартып алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Анын ичинде АИ-92 маркасындагы 52,7 миң литр, АИ-80 маркасындагы 33,6 миң литр бензин жана 12,3 миң литр дизелдик отун тартып алынган.

Аныкталган мыйзам бузуулардын жыйынтыгы боюнча Салык кызматкерлери тарабынан 943 миң сом өлчөмүндөгү административдик айып салынды.

Эскерте кетсек, күйүүчү-майлоочу материалдарды чекене сатуу автоматташтырылган башкаруу системасын жана контролдук-кассалык машинаны пайдалануу менен май куюучу жайларда ишке ашырылууга тийиш.

КММны ташууда жана сактоодо милдеттүү түрдө контролдук пломбалар жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар колдонулат.

КР мыйзамдарын бузгандыгы үчүн административдик айыптар каралган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн