Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 17:42
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Салык кызматы Балбак Түлөбаевдин сөзүн четке какты

02.06.2022 17:27
1032
Салык кызматы Балбак Түлөбаевдин сөзүн четке какты

Мамлекеттик салык кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаевдин 2-июнда пленардык отурумда ККМ колдонбогон ишкерлердин лицензиялары алынып жаткандыгы жөнүндө билдирүүсү чындыкка дал келбегендигин билдирет.


Салык органдары контролдук-кассалык машиналарды колдонбогон ишкерлердин лицензияларын артка чакыртып алууга ыйгарым укуктуу эмес.


Салык мыйзамдарына ылайык, ККМди колдонбоо же бузулганды колдонуу үчүн административдик айып салынат.


Салык кызматы лицензия талаптарын сактабагандыгы үчүн алкоголдук продукцияны саткан субъекттердин гана лицензияларынын колдонулушун токтото турууга укуктуу.


ККМди колдонбогондугу үчүн лицензияларды артка чакыртып алуу фактылары болгон учурда Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратына (ишеним телефону (0312)613189) кайрылууну чакырабыз, мында кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жергиликтүү салык органдарынын жетекчилигине карата тийиштүү чаралар көрүлөт.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн