Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 06:13
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Салык кызматы Бишкек, Оштогу ишкерлерди текшерүү учурунда 4 миң мыйзам бузуу аныкталды

21.12.2021 16:34
1433
Салык кызматы Бишкек, Оштогу ишкерлерди  текшерүү учурунда 4 миң мыйзам бузуу аныкталды

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 2021-жылдын 13нөн 20-декабрына чейин Бишкек жана Ош шаарларында ишкердик субъекттердин дислокациясын тактоо боюнча кеңири масштабдуу контролдук иш-чаралардын жүрүшүндө 20 миң 604 субъектти текшеришти.


Салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, контролдоо учурунда 4 миң 26 ишкерден салык мыйзамдарын бузуулар аныкталган.


Тактап айтканда, 2 миң 310 субъектте контролдук-кассалык машинасы, 2 миң 59унда уруксат документтери (күбөлүк же патент) жок болгон. Мындан тышкары, 4 миң 319 жалданма жумушчулар менен эмгек келишими түзүлгөн эмес, 4 миң 333 жалданма жумушчуларга камсыздандыруу төгүмдөрү (полиси) төлөнгөн эмес.


Аталган субъекттерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.


Эскерте кетсек, Салык кызматы ушул жылдын 13-декабрынан тартып Бишкек жана Ош шаарларында ишкердик субъекттердин дислокациясынын электрондук базасын түзүү жана тактоо боюнча масштабдуу иш-чараларды жүргүзүп жатат.


Кызматкерлер жеринде электрондук дислокациянын системасы менен маалыматтарды салыштыруу аркылуу ишкерлерди толук камтуу боюнча иштерди жүргүзүшүүдө, контролдук-кассалык машинанын болушун жана колдонулушун жана башка ишкердикке уруксат берүүчү документтерин текшерип, тиешелүү маалыматтарды электрондук маалымат базасына киргизип жатышат. Ошондой эле чектердин берилише карата контролдук сатып алуулар өткөрүлүүдө.


Салык кызматы контролдук иш-чаралар өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу салык төлөөчүлөрдөн салык органдарынын кызматкерлерине жардам көрсөтүүнү жана талап кылынган бардык материалдарды, маалыматтарды берүүнү өтүнөт.


Ушундай иштер 20-декабрдан тартып Чүй облусунун райондорунда жана Ош облусунун Кара-Суу районунда жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн