Бугу 07, 2024
Убакыт: 22:30
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Салык кызматы Ишкерлерди тейлөө борборунда кызмат көрсөтүүчү 27 кызматкерди окутту

23.07.2021 14:58
617
Салык кызматы Ишкерлерди тейлөө борборунда кызмат көрсөтүүчү 27 кызматкерди окутту

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарындагы аймактык башкармалыктарынын мындан ары Ишкерлерди жана салык төлөөчүлөрдү, анын ичинде экспорттоочуларды тейлөө борборунда салык кызматтарын көрсөтүүчү кызматкерлер үчүн эки күндүк окутуучу тренинг өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.


Тренингдин жүрүшүндө борбордогу аймактык салык органдарынын 27 кызматкери электрондук салыктык тейлөө жана программалык модулдар менен практикалык иштерди, Ишкерлерди тейлөө борборундага сервистик кызмат көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Салык кызматы тарабынан иштелип чыккан Регламенттин алкагында иштөөнү үйрөнүштү, ошондой эле салык мыйзамдарына киргизилген акыркы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен таанышышты.


Салык кызматы борбор калаада Ишкерлерди жана салык төлөөчүлөрдү тейлөө борборунун ачылышына даярданууда. Борбордун негизги максаты – салык кызматынын адистеринин башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте “бирдиктүү терезе” принциби боюнча ар кандай кызматтарды көрсөтүүсү эсептелет.


Анын ичинде – салык төлөөчүлөрдү каттоо, кайра каттоо жана каттоону жокко чыгаруу, патент жана камсыздандыруу полистерин берүү, салык, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетторду кабыл алуу жана иштеп чыгуу, ар кандай маалымкаттарды берүү, так отчеттуулук бланктардын каттоо, этил спиртин, алкоголдук продукцияларды өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензияларды берүү ж. б.


Мындан тышкары, Ишкерлерди тейлөө борбору жаңыдан иш баштаган ишкерлерди окутуп, ишкердикти жүргүзүү маселелери боюнча керектүү маалыматтарды берип турат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн