Бугу 21, 2025
Убакыт: 19:18
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.080
1.110

Салык кызматы бир айлык планды ашыгы менен аткарды

03.03.2022 10:08
722
Салык кызматы бир айлык планды ашыгы менен аткарды

2022-жылдын январь-февраль айларында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 26 млрд 85,1 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, бекитилген план 103,9 %га аткарылды же 987,3 млн сомго ашык чогултулду.


"2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 11 млрд 890,5 млн сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 183,8 %ды түздү", - деп айтылат маалыматта.


Анын ичинде февралда 15 млрд 758,9 млн сом салык жыйналды. План 2,4 %га же 367,2 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылдын февралына салыштырмалуу 8 млрд 120,3 млн сомго көп жыйналды (өсүү ыргагы 206,3%).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн