Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 16:35
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Салык кызматы биринчи кварталда планды 103 пайызга аткарды

06.04.2022 12:23
844
Салык кызматы биринчи кварталда планды 103 пайызга аткарды

2022-жылдын биринчи кварталында 36,3 млрд сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Бул тууралуу  Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов билдирди.


Анын айтымында, белгиленген план 103,2%га аткарылган же 1 млрд 125,9 млн сомго көп жыйналган.


“2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 14 млрд 640,5 млн сомго көп чогултулду же өсүү ыргагы 167,3%ды түздү”, - деди ал.


Кыдыргычов белгилегендей, салыктар боюнча пландык тапшырмаларды ашыгы менен аткаруу бир катар факторлордун эсебинен мүмкүн болгон. Атап айтканда, салыктык башкарууну жакшыртуу, экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторинг жүргүзүү, бизнести көмүскөдөн чыгаруу, ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен соодалашуунун алкагында кыйыр салыктарды башкаруу боюнча иштер жүргүзүлдү.


Ошондой эле ал белгилегендей, мындан тышкары, "Смарт Салым" салык жол-жоболорун санариптештирүү, анын ичинде контролдук-кассалык машиналарды киргизүү долбоорлору өз жыйынтыктарын берүүдө.


“Мамлекеттик салык кызматы 3 айда 10 млрд 204,9 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. План 4,1%га же 404,9 млн сомго ашыгы менен аткарылган.


2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 1 млрд 425,1 млн сомго көп чогултулду (өсүү ыргагы 116,2%)”, - деди ал.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн