Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 08:41
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Салык кызматы эскертет! Үй жана унаа салыгын төлөө үчүн 10 күн убакыт калды

22.08.2022 11:16
981
Салык кызматы эскертет! Үй жана унаа салыгын төлөө үчүн 10 күн убакыт калды

Жарандарда транспорт каражатына, турак үй, батир жана үй жанындагы жер участогуна салыкты белгиленген мөөнөттө төлөө үчүн 10 күн убакыт калды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.


Ушуга байланыштуу, МСК транспорт каражаттарынын, турак жай жана жер үлүшүнүн ээлерин калган убактыны пайдаланууга жана өздөрүнүн салык милдеттенмелерин аткарууга жетишүүгө чакырат.


Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.


1-сентябрга чейин төмөнкүлөрдү төлөө керек:


– транспорт каражатына салык,


– турак жай имаратына, курулмага жана жайга салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган),


– үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.


Calculator.salyk.kg сайтынан салыктын суммасын өз алдынча эсептеп алууга болот.


Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом суммасында айып каралган.


Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн