Бугу 17, 2024
Убакыт: 04:57
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Салык кызматы кассалык чек берилиши керектигин эскертти

22.06.2022 10:12
714
Салык кызматы кассалык чек берилиши керектигин эскертти


ККМ колдонуучу ишкерлер сатып алуучуларга кассалык чек берүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдирет.

Маалыматка ылайык, акыркы жумада салык органдарына жарандардан айрым соода түйүндөрүнөн товар сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда кассалык чек берүүнү токтоткондугу жөнүндө даттануулар түшө баштады. Алардын айтымында, ККМди колдонуу жокко чыгарылды деген жүйөө менен кассалык чек берүүнү токтотушууда.

Буга байланыштуу, Мамлекеттик салык кызматы ККМди колдонуу жокко чыгарылбагандыгын жана ККМди колдонууга милдеттүү болгон бардык ишкерлер сатып алуучуларга/керектөөчүлөргө кассалык чек бериши керектигин билдирет.

Мындан тышкары, чек талап кылганга чейин сатып алуучунун колуна берилиши керек.

Эскерте кетсек, КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги токтомуна ылайык ККМди колдонууга өтүү мөөнөтү аныкталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн