Бугу 05, 2024
Убакыт: 23:32
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Салык кызматы өлкөгө мыйзамсыз импорттолуп жаткан уйларды, жылкыларды жана жөжөлөрдү аныктады

26.02.2021 16:21
646
Салык кызматы өлкөгө мыйзамсыз импорттолуп жаткан уйларды, жылкыларды жана жөжөлөрдү аныктады

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги товарларды өткөрүү пункттарында бодо малды жана майда жандыктарды, жылкыларды, жөжөлөрдү уруксатсыз ташып келүү фактыларын аныкташты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди.


Белгилүү болгондой, 10 күндүн ичинде Кыргызстандын аймагына 847 баш бодо малды, 62 баш майда жандыкты, 120 баш жылкыны жана 36200 жөжөнү мыйзамсыз алып өтүү аракети болгону аныкталды.


Алуучулар товарларды ташып келүүдө салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө салык органынын маалым каты жана коштоочу документтери болгон эмес.


Мыйзам бузуулардын материалдары мыйзамга ылайык иш-чараларды өткөрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Марлис
Мобилдик топ камап койуп олуп калбасын.