Тогуздун айы 08, 2025
Убакыт: 14:13
USD
87.30
87.80
EUR
101.10
102.10
RUB
1.061
1.090

Салык кызматы отчётторду текшерүү үчүн жаңы функцияны ишке киргизди

26.09.2025 09:08
149
Салык кызматы отчётторду текшерүү үчүн жаңы функцияны ишке киргизди


Киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча берилүүчү отчёттордун статусун ыкчам түрдө текшерүүгө мүмкүндүк берген жаңы «СФ статусу» функциясы ишке киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, бул функция «Түндүк» мамлекеттик ишканасында камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү жөнүндө маалыматтын жоктугунун өсүшүнө байланыштуу иштелип чыккан. Ал социалдык фонддун отчетторунун ачык-айкындуулугун жана аларды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.


STI-161 отчёту (киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча), Салык кызматы тарабынан кабыл алынгандан кийин реалдуу убакыт режиминде социалдык фондго жөнөтүлөт. Ал жактан ар бир камсыздандырылган жаран боюнча маалыматтар «Түндүк» мамлекеттик ишканасына келип түшөт.


Эми салык төлөөчүлөр жеке кабинети аркылуу — «Жүктөөлөр журналы» бөлүмүнөн ар бир STI-161 отчётунун «СФ статусу» менен тааныша алышат.


Суроолор жаралган учурда социалдык фонддун 1202 кыска номери аркылуу маалымат борборуна, ошондой эле социалдык фонддун райондук жана шаардык башкармалыктарына кайрылсаңыздар болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн