Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 14:06
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Салык кызматы сентябрь айында планды 1 млрд сомго ашыгы менен аткарды

15.10.2020 17:29
683
Салык кызматы сентябрь айында планды 1 млрд сомго ашыгы менен аткарды


Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын сентябрь айынын жыйынтыгында өткөн үч айдын тенденциясын улантып, салык жыйноо планын ашыгы менен аткарды. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, сентябрь айында 7 млрд 64,4 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр жыйналды. Белгиленген план 117,1 папызды түзгөн же 1 млрд 31,8 млн сомго ашыгы менен аткарылган. 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 609,5 млн сомго көбөйгөн.

Жалпысынан үстүбүздөгү жылдын 9 айында 55 млрд 55,2 млн сом салыктар жана төлөмдөр жыйналды.

Салык кызматы октябрь айы, ошондой эле жалпы үстүбүздөгү жыл үчүн салыктарды толук көлөмдө жыйноо боюнча зарыл болгон иштерди жүргүзүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн