Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 07:39
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Салык кызматы товар жеткирүүчүлөргө электрондук эсеп-фактурага өтүүнү эскертти

16.05.2022 12:53
1152
Салык кызматы товар жеткирүүчүлөргө электрондук эсеп-фактурага өтүүнү эскертти

Товар жеткирүүчүлөр жана дистрибьюторлор электрондук эсеп-фактураны тариздөөгө милдеттүү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматы жүргүзүлгөн талдоонун жана мониторингдин, ошондой эле рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө товар жеткирүүчүлөр жана дистрибьюторлор тарабынан электрондук эсеп-фактуралардын колдонулбаган, атап айтканда, субъектке – сатып алуучуга товарларды жеткирүүдө басып чыгарылган ЭЭФ берилбеген фактыларды аныктады.


Ушуга байланыштуу, Салык кызматы ири жеткирүүчүлөргө жана дистрибьюторлорго электрондук эсеп-фактураларды (ЭЭФ) берүү тартиби жөнүндө эскертет.


“ЭЭФ” маалыматтык системасында катталган жеткирүүчү эсеп-фактураны түзүү жана жүгүртүү тартибине ылайык, ЭЭФтин электрондук документ жүгүртүүсүнүн катышуучусу катары системада катталбаган сатып алуучуга электрондук эсеп-фактураны тариздейт.


Алсак, электрондук кол тамганы колдонуу менен электрондук эсеп-фактураны тариздөөгө жана сатып алуучуга ЭЭФтин басып чыгарылган нускасын берүүгө тийиш.


Салык мыйзамдарына ылайык, салык төлөөчү ККМ аркылуу эсептешүүлөрдү жүргүзгөн учурда калкка товарларды сатууда, кызмат көрсөтүүдө жана иштерди аткарууда эсеп-фактураны тариздебей коюуга укуктуу.


Салык төлөөчү товарларды жеткирүүдө, жумуштарды аткарууда жана кызмат көрсөтүүдө эсеп-фактура мурунку айдан кийинки айдын 10 жумушчу күнүнөн кечиктирбестен бирдиктүү эсеп-фактура менен таризделет.


Товарларды экспорттоодо электрондук эсеп-фактура Кыргызстандын аймагынан товарлар ташып чыгарылганга чейин таризделет.


Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тартып электрондук эсеп-фактураны КНС төлөөчүлөр, товарларды экспорттоочулар жана импорттоочулар колдонууга милдеттүү.


Мындан тышкары, 2022-жылдын 1-апрелинен тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-мартындагы токтомуна ылайык, акыркы 12 айда түшкөн акчасынын көлөмү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр да ЭЭФ тариздөөгө тийиш.


Кененирээк маалыматты Салык кызматынын sti.gov.kg сайтынын "Электрондук эсеп-фактура" бөлүгүнөн алууга болот.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн