2022-жылдын январь-апрель айларында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 48 млрд 75,1 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бекитилген план 102,7 %га аткарылды же 1 млрд 244,8 млн сомго ашык чогултулду.
Белгиленгендей, бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 18 млрд 293,5 млн сомго көп же өсүү ыргагы 161,4%ды түздү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн