Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 08:47
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Салык кызматы жарандарды кассалык чекти талап кылууга чакырды

02.02.2022 14:00
595
Салык кызматы жарандарды кассалык чекти талап кылууга чакырды

Мамлекеттик салык кызматы жарандарды товарларды сатып алууда же кызмат көрсөтүүлөрдү алууда кассалык чекти талап кылууга чакырат.


МСКнын маалымат кызматынан билдиришкендей, ар бир чекене сатылган товарга же кызмат көрсөтүүгө кассалык чек берилиши керек.


Кассалык чек – сатып алуу же сатуу фактысын ырастоочу фискалдык документ болуп саналат.


Бирок, кардарларга слип-чек же эквайринг чек сыяктуу чектин башка дагы түрлөрү берилүүдө. Аларда кыскача маалыматтар берилет жана ал кассалык чек болуп саналбайт.


Сатып алуучулар контролдук-кассалык машинадан берилген жана бир катар реквизиттерди камтыган кассалык чекти талап кылышы керек, тактап айтканда анда төмөнкүлөр болушу абзел:


– субъект жөнүндө, башкача айтканда сатуучу жана сатылган товарлар же кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтар;


– төлөөнүн формасы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка маалыматтар;


– сканерлөөдөн өткөндө аталган кассалык чек жөнүндө толук маалымат берген QR-код.


Урматтуу жарандар, кассадан кетпей туруп сатуучулардан кассалык чекти талап кылыңыздар.


Мамлекеттик салык кызматы жарандарды эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө кассалык чек берилбеген фактылар тууралуу (0312)61-31-89 ишеним телефону же (0779)61-31-89 (WhatsApp) мобилдик номери аркылуу билдирүүгө чакырат.


Кассалык чек – бул сатып алуучунун укуктарын коргоо кепилдиги жана сатуучунун ишенимдүүлүк көрсөткүчү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн