Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 00:23
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Салык кызматынын Жайыл району боюнча башкармалыгынын инспектору кармалды

01.08.2024 17:27
248
Салык кызматынын Жайыл району боюнча башкармалыгынын инспектору кармалды


Мамлекеттик салык кызматынын Жайыл району боюнча башкармалыгынын улук инспектору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан 2024-жылдын 30-июлунда мамлекеттик органдардагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Кылмыштардын бирдиктүү реестринин алкагында автоматташтырылган маалымат тутумунда катталган кылмыш ишинин негизинде, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү «Опузалап пара талап кылуу» фактысы боюнча кылмышка шектүү катары кызматтык бөлмөсүндө пара алып жаткан учурда Мамлекеттик салык кызматынын Жайыл району боюнча башкармалыгынын текшерүү бөлүмүнүн улук инспектору Б.А.А. кармалып, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тактап айтканда, кармалган жаран "З.П.К." ЖЧКсынын башкы эсепчисинен пландуу салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оң корутунду чыгарып берүү үчүн 35 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган.

УКМК тарабынан башка кызмат адамдарынын салык чөйрөсүндөгү коррупциялык схемаларга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн