Учтун айы 21, 2025
Убакыт: 05:22
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.845
0.880

Салык кызматынын мурдагы төрагасынын баш коргоо чарасынын мөөнөтү узартылды

20.01.2025 15:01
47
Салык кызматынын мурдагы төрагасынын баш коргоо чарасынын мөөнөтү узартылды


Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдуваповдун баш коргоо чарасынын мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, райондук соттун токтому менен А.А.К.га карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонуу мөөнөтүн узартуу боюнча тергөө тобунун жетекчисинин өтүнүчү канааттандырылды.

Ошентип, Салык кызматынын мурдагы төрагасы 202-жылдын 20-мартына чейин камакта калтырылды.

Эскерте кетсек, буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов жана анын орун басары Исламбек Кыдыргычов кармалган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, учурда жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө алардын электрондук коштомо кагазды колдонууга байланыштуу алдамчылык фактылары аныкталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн