Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 06:57
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басарлары дайындалды

27.04.2021 17:26
931
Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басарлары дайындалды

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары дайындалды. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын премьер-министринин 2021-жылдын 26-апрелиндеги буйругу менен Салык кызматынын төрагасынын орун басарлары болуп Айдай Карагулова, Замирбек Мамытов жана Искендер Асылкулов дайындалды.

27-апрелде дайындалган орун басарлар Салык кызматынын жамаатына тааныштырылды.

Алар мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары кызматын аркалап келишкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн