Бугу 13, 2024
Убакыт: 01:16
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Салык органдары тарабынан 45 миңден ашык маалым кат тастыкталган (фото)

15.05.2020 16:09
1162
Салык органдары тарабынан 45 миңден ашык маалым кат тастыкталган (фото)


Республикалык ыкчам штабдын бүгүн, 15-майдагы жыйынында Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Абдыкадыр Жороев өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, андан соң облустук штаб жетекчилери аймактардагы абал тууралуу отчет беришти. Алардын айтымында, бардык медициналык кызматкерлер жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалган жана аларга 2020-жылдын март-апрель айы үчүн айлык акылары жана компенсациялык төлөмдөрү толугу менен төлөнүп берилген. 

Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов билдиргендей, салык органдары тарабынан 45 миңден ашык маалым кат тастыкталган, ага катар акимиаттар иштеп жатышат, маалым каттар электрондук жана өндүрүштүк ыкма менен берилүүдө, кезектер жок.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов обсервациялык орундарды даярдоо маселесине токтолду.

«Алар санитардык талаптарга жооп бериши керек, ар бир бөлмөдө экиден ашык адам болбоого тийиш. Чет жакта жүргөн жарандарыбыз келип жатышат. Алардын арасында каникулга үйүнө кайтып келе жаткан студенттер бар. Биз аларды илдетти жуктуруунун жаңы учураларына жол бербегидей жайгаштыруубуз керек», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде туризм чөйрөсүндө кризиске каршы чаралар планын иштеп чыгуу маселеси милдеттендирилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн