Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 05:18
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Салык төлөөчүлөр кийинкиге жылдырып же бөлүп төлөй алат

16.04.2020 11:59
811
Салык төлөөчүлөр кийинкиге жылдырып же бөлүп төлөй алат


Салык төлөөчүлөр кийинкиге жылдырып же бөлүп төлөй алат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. 


Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги Мыйзамына ылайык 2020-жылдын 1-апрелинен тартып 1-октябрына чейин салык төлөөчүлөр катталган жери боюнча салык органына 1 жылдан ашык эмес мөөнөткө ал жеткис күч жагдайынын натыйжасында түзүлгөн салык карызынын суммасы боюнча кийинкиге жылдырууларды жана бөлүп төлөөлөрдү берүү жөнүндө арыз бере алышат.


Арыз банктын кепилдиктери жөнүндө документтерди көрсөтүүсүз белгиленген тартипте берилет.


Ошондой эле ушул Мыйзамда салык төлөөчүлөр 2020-жылдын март айынан тартып июнь айына чейинки мезгил үчүн ал жеткис күчтүн натыйжасында салык милдеттенмелерин өз убагында аткарбагандыгы үчүн салык санкциясы жана туум эсептелбээри аныкталган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн