Бугу 11, 2024
Убакыт: 12:50
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү былтыркы жылдын 11 айына салыштырмалуу 55 млн сомго көп чогулду

05.12.2022 11:37
860
Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү былтыркы жылдын 11 айына салыштырмалуу 55 млн сомго көп чогулду

2022-жылдын январь-ноябрь айларында Мамлекеттик салык кызматы 185 млрд 848,9 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. 


Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 55,8 миллиард сомго көп.


Анын ичинде 140 млрд 685 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 569,2 млн сомго ашыгы менен жыйналды. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 44 млрд 965,5 млн сомго көп чогултулду (өсүү ыргагы 147%).


Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 45 млрд 163 млн сомду түздү. План 1 млрд 423 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылдын 11 айына салыштырмалуу 10 млрд 898,1 млн сомго көп жыйналды (өсүү ыргагы 131,8%).

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн