Бугу 20, 2024
Убакыт: 03:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Салыкты узартып төлөө чарасы бул жөн гана карызга батыруу, - Жеенчороев

14.04.2020 14:48
949
Салыкты узартып төлөө чарасы бул жөн гана карызга батыруу, - Жеенчороев


Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отурумунда депутат Мирлан Жеенчороев өкмөткө бир катар сунуштарды берди.


Ал бюджеттеги корголгон беренелерге кирген айлык-маяна, жөлөк-пулдарды үзгүлтүккө учуратпай, курулуштарды, жол салууну убактылуу токтотуу менен катар өндүрүштү салыктан бошотуу тууралуу кескин чараларга баруу керектигин айтты.


Салыктык каникул, узартып төлөө чаралары бул жөн гана карызга батыруу. Бүгүн ишкана иштебесе, эртең кайсы салыкты төлөйт. Эгер кийин карыз болгон салыгыңды төлө десек, ал ишкана жабылат. Анда иштеген кызматкерлердин баары жумушсуз калат. Алар кайда барат, көчөгө чыкса кантип туруктуулукту сактайбыз. Андыктан, 70/80%га чейин жумушчу орундарын сактасаң сени ушул жылдын 31-декабрына чейин салыктан бошотобуз деп ишкерлер менен келишим түзүп, жумушчу орундарын сактап калышыбыз керек”, – деди ал.


Андан тышкары, Мирлан Жеенчороев айыл чарба тармагына керектүү каржы жана күйүүчү май жагынан дыйкандарды колдоо зарылчылыгын да кошумчалады.


Ошондой эле чет өлкөдөн мекенине кайта албай жаткан кыргызстандыктарды ошол жактарда убактылуу жашап турууга каржылык көмөк көрсөтүү менен көйгөйдү чечүү мүмкүндүгүнө токтолду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн