Бугу 11, 2024
Убакыт: 17:22
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Салим Абдувалиев: «Мен Өзбекстанды, Ташкентти бүтүндөй дүйнөгө алмашпайм» (ВИДЕО)

23.04.2021 10:42
1867
Салим Абдувалиев: «Мен Өзбекстанды, Ташкентти бүтүндөй дүйнөгө алмашпайм» (ВИДЕО)


«Салим байбача» атыккан өзбекстандык таасирдүү бизнесмен Салим Абдувалиев чет элдик журналисттердин бирине видеомаек берип, жашоо-турмуш сабактары, 5-6 жашынан тарта спорт менен алектенип, чемпиондук курга чейин жеткени, өтө көп жумуштарда иштегени, ийгиликтерге жетиш үчүн тынымсыз аракет жана мээнет керек экени, келечек муунду тарбиялоо, дин тууралуу өзүнүн көз караштарын кеңири баяндап бериптир.


«Хоп ака» - бул асыл сөз. Аскерлер командирлерине «есть» деп жооп берген сыяктуу. «Хоп ака» - бул өзүңдүн машыктыруучуңа, же мугалимиңе, ата-энеңе жасаган сый мамиле», - дейт Салим Абдувалиев. Чындыгында эле өзбек элинде «Хоп ака» деген сөз өтө көп колдонулат. Журналист буга ошондон улам кызыгып сураса керек.


Ал өзүнүн китепке болгон кызыгуусу бала кезинен башталганын айтат:


«Мен 7 жашымдан баштап китеп окуйм. Биз үйдө китепти кезектешип окучубуз. Атам окуйт, апам окуйт, улуу агаларым, эжелерим окушчу. Менден улуу үч агам бар, алардан китеп бошобой жатканда, мен таңкы 5-6ларда туруп алып, эки саатта бир калың китепти окуп койчумун. Бул жашоодогу эң коркунучтуу адамдар – булар билимсиз адамдар».


Кыргызда да «Башка жерде султан болгончо, өз жериңде ултан бол» деген кеп бар. Салимбай Абдувалиев да өзүнүн мекенине болгон сүйүүсүн мындайча билдирет:


«Мен Өзбекстандын жараны экениме сыймыктанам. Менде бир гана паспорт бар – Өзбекстандын жараны деген. Мен башка жерде хан болгончо, өз өлкөмдө эле кедей болмокмун. Мен Өзбекстанды, Ташкентти бүтүндөй дүйнөгө алмашпайм. Бирок, саякаттаганды жакшы көрөм».


Достук тууралуу суроого мындайча жооп берген: «Отуз жыл дос болуп жүрүп деле жаныңдагы адамдын ким экенин биле албайсың. Адамдын ким экенин билиш үчүн кыйынчылыктарды бирге көрүш керек, чогуу алыс жолдорго чыгыш керек».

Ал бул жашоодо туура жашаш керектигин, жасаган ар бир кадамың артыңдан жаман сөз ээрчитпей тургандай болушу зарылдыгына да токтолгон:


«Жашоодо туура жашаш керек, таза жашаш керек. Кудай жолунда жашаш керек. Менин жасаган кадамдарым үчүн балдарым, неберелерим, чөбөрөлөрүм жапа чегип калбашы керек. Мен аларга туура тарбия берип, мени менен сыймыктана тургандай болушум керек. Бардык динде, жадакалса буддисттер да «уурдаба, тонобо» дейт. Улууга урмат менен мамиле кылганды үйрөтүш керек. Башка билимди алардан мурун, өзүңдүн мамлекетиңдин тарыхын бил, тилин бил».

Ал акыркы убактарда окуп жаткан китептери тууралуу мындай деген: «Мен 30 жашка чейин эле басып жүргөн энциклопедия болчумун. Бардык мамлекеттерди билчүмүн, спорттун бардык түрүн билет элем. Азыр Куранды окуйм, хадистерди окуйм. Тигил дүйнөгө даярданыш керек. Сурак өтө катуу болот».

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн