Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 02:27
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Салымбеков эмне үчүн кармалды? УКМКнын түшүндүрмөсү

18.10.2021 10:23
1200
Салымбеков эмне үчүн кармалды? УКМКнын түшүндүрмөсү

Айыл чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташуу жол-жоболорун талдоо учурунда айыл чарба азыктарын өлкөнүн чегинен тышкары жактарга экспорттоого тоскоолдуктарды түзгөн кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын туруктуу тобу аныкталды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, анын натыйжасында айыл чарба өндүрүүчүлөрү ЕАЭБ өлкөлөрүнө продукциянын үзгүлтүксүз өтүшү үчүн кызмат адамдарына жана логистикалык компанияларга ири суммадагы акча төлөөгө мажбур болушууда.


Иликтөөнүн жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүгүү министрлигинин айрым кызматкерлери бул коррупциялык схеманы уюштурган логистикалык компаниянын өкүлдөрү, ошондой эле “Дордой Дыйкан” базарынын директору "С.Э.М" кармалып, жоопко тартылды.


Кармалгандарга карата сот тергөө бүткөнгө чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады. УКМК бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо жана жоопко тартуу боюнча ишин улантууда.

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Маткабылов Мамытбай
Эркинбек Мамытьаевич же справка бербесе, же лабораторияны башкарбаса , болгону ушул каргашалуу лабораторияны жабдып дыйкандар убара болбой ушул жерден убара болбой иштерин бутурсун деп мамлекетке откоруп берген .УШУЛ ДА КУНООБУ??????.