Бугу 13, 2024
Убакыт: 00:41
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Мексикада салтка ылайык шаар мэри аллигаторго үйлөндү

04.07.2022 10:35
431
Мексикада салтка ылайык шаар мэри аллигаторго үйлөндү


Мексиканын Сан-Педро-Уамелула шаарынын (Оахака штаты) мэри Виктор Хьюго Соса аллигаторго үйлөндү. Бул иш-чара жергиликтүү тургундарга молчулук алып келүү үчүн өткөрүлгөн ырым-жырымдардын алкагында болгонун жазышат чет элдик басылмалар.


Маалыматка ылайык, 7 жашар ургаачы аллигатордун аты кичинекей ханайым. Кадимки үлпөт тойлордой эле аллигаторго ак көйнөк кийгизишкен, никелешүү аземи ыр, бий, сый тамак менен коштолгон.


Бул аллигатор ырым-жырымдын алкагында Жер эненин символу, ал эми анын жергиликтүү лидер менен баш кошуусу молчулуктун символу болору айтылат маалыматта.


"Биз табияттан жамгырды, жетиштүү тамак-ашты, жана суубузда көп балык болушун сурайбыз", - деген мэр.


Белгилей кетсек, Сан-Педро-Уамелула шаарынын мэрлери жыл сайын сойлоп жүрүүчү жандыктар менен никелешет. Бул XVIII кылымдан бери келе жаткан салт. Жергиликтүү тургундар мындай ырым-жырымдарды өткөрүү балыкчыларга ийгилик алып келет деп эсептешет.


Ал эми 2017-жылы аталган шаардын ошол кездеги мэри Виктор Агилар ургаачы крокодилге үйлөнгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн