Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 20:44
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Самара Каримова музыкалык окуу жайга кайра директор болот

13.01.2021 14:23
713
Самара Каримова музыкалык окуу жайга кайра директор болот


Ырчы Самара Каримова Маданият, маалымат жана туризм министрлигин сотто утуп алганын министр Нуржигит Кадырбеков “Азаттыкка” билдирген. Кадырбеков Каримова кайра Ниязаалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык орто окуу жайынын директору кызматына барса болорун айткан. 


Эмгек кодексине ылайык жагдайда кызматтан бошотулуп калганбы, айтор, соттон утуп алды. "Кызматы кайра калыбына келтирилсин" деген сот чечими бизге келди. Биз аны аткарышыбыз керек”, - деген ал “Азаттык” үналгысына берген маегинде.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн