Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 09:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Самара Каримованын адвокаты билдирүү таратты

20.01.2021 15:49
1550
Самара Каримованын адвокаты билдирүү таратты


Жакында эле Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайга жетекчи болуп барган ырчы Самара Каримованын адвокаты Акылбек Кылычов атайын билдирүү таратып, анын кардары Бишкек шаардык сотунун чечими чыкканга чейин министрдин буйругунун негизинде иштегенге толук акылуу экенин билдирди.


Самара Каримова боюнча Биринчи Май райондук соттун чечими өз күчүндө турат. Министрлик аппеляциялык тартипте экинчи соттук инстанцияга кайрылгандыгы, бул биринчи соттук инстанциянын чечими жокко чыгарылды дегенге жатпайт. Андан сырткары соттук териштирүү  учурунда министрлик өзүнө коюлган доону толугу менен моюнга алып, Эмгек кодекси бузулганын бышыктаган. Азыркы учурда министрдин директорлукка дайындоо боюнча буйругу бар. Андыктан Самара Каримова Бишкек шаардык сотунун чечими чыкканга чейин министрдин буйругунун негизинде иштегенге толук акылуу”, - дейт ал. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн