Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 23:57
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Самара Каримованын окуясы эски менен жаңынын кармашыбы?

19.01.2021 09:38
1198
Самара Каримованын окуясы эски менен жаңынын кармашыбы?


Оштогу Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайынын айланасындагы чырдуу окуя бүгүнкү күнгө чейин токтой элек. Соттон утуп, директорлук орунга барган ырчы Самара Каримованы коллективдин бир бөлүгү кабыл албай, мурдагы жетекчи аларды тымызын тукурук жатканы айтылууда. Кечээ, 18-январда С.Каримова директордун кабинетинин кулпун бузуп, ага жаңы ачкыч коюп кеткени белгилүү болду.


Каримовага каршы чыккандардын негизги жүйөсү музыкалык билимде болуп жатат. Музыкалык окуу жайды ушул тармакта билими болгондор, илим жактагандар гана жетектеши керек деген түшүнүк таптакыр акылга сыйбайт. Бул эски түшүнүктү шылтоологон ал жердин айрым кызматкерлери чөгүп кете тургандай абалга жеткен имаратта кылымдар бою иштей бергиси келгендер окшойт. Мурдагы жетекчи эч кандай реформа, өзгөрүү жасай албагандан кийин аны эмне үчүн калкалап жатат?


Биз кайсы бир тармакты ошол тармак боюнча билим алгандар гана башкарышы керек деген эски түшүнүктөн арылышыбыз керек. Өнүккөн мамлекеттерде күч тармагын деле ага тиешеси жок менеджерлер башкарат. Жетекчини тандаганда анын тармак боюнча жогорку билимине эмес тапкычтыгына, жаратмандыгына, мекемени көтөрүп кете ала тургандай дараметине караш керек. С.Каримова дубалы урап калайын деген окуу жайды кыска аралыкта оңдоп, ага инвестор тартып, билим алган жаштарды чет өлкөлөргө алып чыга турганын айтууда. Жаш болсо да эстрада тармагында болуп көрбөгөндөй ийгилик жараткан “бармактай” кызга эмне мынча каршы болуп жатат? Же эски менен жаңынын, жаштар менен улуу муундун кармашы ушунча татаал болобу?


Нурлан Чапаев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн