Россия Федерациясынын Самара облусунда Honda Stepwgn үлгүсүндөгү микроавтобус менен Hyundai Elantra үлгүсүндөгү унаа кагышып, Кыргызстандын эки жараны каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Самара облусунда болгон жол кырсыгынын кесепетинен алты адам каза болгон - 1992 жана 1979-жылы туулган Кыргыз Республикасынын эки жараны, бир эркек жана бир аял, ошондой эле Өзбекстандын төрт жараны.
Жети адам (баары эркектер) ооруканага жаткырылды.
Буга чейин Самара облусунун Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен окуя 2023-жылдын 27-июнунда саат 1.30дар чамасында А-300 унаа жолунун 110-чакырымында болгондугу маалымдалган.
"Жол кырсыгына Hyundai Elantra автоунаасынын каршы тилкеге чыгышы себеп болгон. Аны Кыргызстандын жараны айдап бара жаткан", - деди РФ Жол инспекциясынын регионалдык башкармалыгынын жетекчиси Юрий Некрасов.
Прокуратура авария фактысы боюнча текшерүү баштады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн