Самаркандда Түркиянын Башкы консулдугу ачылды. Бул тууралуу түрк басылмалары билдирди.
Ачылыш аземине Өзбекстан менен Түркиянын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жана Мевлүт Чавушоглу, вице-премьер-министр Азиз Абдухакимов жана Самарканд облусунун акими Эркинжон Турдимов катышты.
Камилов өз сөзүндө жаңы дипломатиялык өкүлчүлүк эки өлкөнүн маданий-гуманитардык жана туризм жаатындагы кызматташтыгын, ошондой эле аймактар аралык байланыштарды өнүктүрүүгө оң түрткү берерин баса белгиледи.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн