Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда Самарканд шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Алар Өзбекстанда өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында жолугушту.
Тараптар ок атышууну токтотуу жана куралдуу күчтөрдү, каражаттарды чыгаруу боюнча тиешелүү түзүмдөргө тапшырма берүүнү макулдашты.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов жеринде иш алып барышат, окуянын жагдайларын жана себептерин иликтөө боюнча комиссия түзүлөт.
Ошондой эле мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин тездетүү боюнча макулдашууга жетишилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн