Бугу 13, 2025
Убакыт: 16:07
USD
87.30
87.80
EUR
96.80
97.80
RUB
1.060
1.100

Самаркандда кыргыз-өзбек парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо талкууланды

13.05.2025 11:42
26
Самаркандда кыргыз-өзбек парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо талкууланды


Самарканд шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлиси ортосундагы кызматташтык боюнча парламенттер аралык комиссиянын V жыйыны өттү. Бул тууралуу Ташкенттеги Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады.


Иш-чарага Жогорку Кеңештин төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев жетектеген делегация катышты. Делегациянын курамында депутаттар Пархат Тулендыбаев, Мурадил Сыдыков, Советбек Рустамбек уулу жана Эрнис Айдаралиев бар.


Жолугушууда кыргыз-өзбек парламенттер аралык кызматташуунун учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүүдөгү негизги маселелер талкууланды. Атап айтканда, парламенттик дипломатияны кеңири колдонуу аркылуу соода-экономикалык байланышты тереңдетүү, инвестиция тартуу жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты жандандыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.


Нурланбек Азыгалиев белгилегендей, кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгү – эки коңшу мамлекеттин ийгиликтүү кызматташуусунун үлгүсү болуп саналат.


«Кыргызстан менен Өзбекстан жөн гана коңшу өлкөлөр эмес. Бүгүнкүдөй жогорку деңгээлдеги бир туугандык мамилелер эки тараптын саясий жетилгендигинин жана жогорку деңгээлдеги натыйжалуу башкаруунун натыйжасы», — деди ал.


Азыгалиевдин айтымында, комиссиянын ар жыл сайын өтүп турган жыйындары эки өлкөнүн парламенттерине өз ара маселелер боюнча үзгүлтүксүз пикир алмашууга, аларды биргелешип чечүүнүн жолдорун иштеп чыгууга жана тиешелүү комитеттер менен депутаттык топтордун ортосунда туруктуу иш байланыштарын түзүүгө өбөлгө болууда.


Жыйындын алкагында жаштар саясаты, билим берүү, социалдык жана маданий программаларды ишке ашыруу багытында тажрыйба алмашуу болду. Өзгөчө көңүл билим берүү тармагына, орток тарыхый-маданий мурастарды сактап калууга жана гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө бурулду.


Мындан тышкары, эки өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн ачууда парламенттик колдоонун маанилүүлүгү белгиленди. Тараптар чек ара аралык туристтик багыттарды өнүктүрүү, саякатчылар үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана туристтик инфраструктурага инвестиция тартуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.


Парламентарийлер эки тараптуу өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө бир добуштан колдоо көрсөтүшүп, парламенттер аралык диалогду коңшулаштык мамилелерди чыңдоонун жана элдердин кызыкчылыктарын коргоонун натыйжалуу куралы катары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.


Иш-чаранын соңунда Кыргызстан менен Өзбекстандын парламенттик делегацияларынын жетекчилери Самарканддагы Конгресс борборунун Ардактуу коноктор аллеясына символикалуу дарак отургузушту.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн