Бугу 06, 2024
Убакыт: 05:52
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Самаркандек айылында бир жумадан бери суу жок. Суу "Головнойдон" келет

25.08.2021 11:50
2727
Самаркандек айылында бир жумадан бери суу жок. Суу "Головнойдон" келет

Баткен районунун Самаркандек айылында 1 жумадан бери ичүүчү таза суу жана сугат суу жок. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.


Маалыматка караганда, түтүктөрдө таза суу чыкпай, арыктан агып келген сууну ичүүчү суу катары пайдаланууга мажбур болушууда. Ичүүчү таза суу эле эмес, сугат суунун жоктугу да түйшөлтүүдө.


Аталган айылдын жашоочусу Доолат Гаиповдун айтымында, 1 жумадан бери суу маселеси жаралып келет. Арыктан азыр бир аз гана суу агып турат. Бирок ал суу эгиндерди сугарганга жетпейт. Анткени 1 жылдан бери сугарылбай турган бак-дарак, эгиндер бар.


«Биздин айылга суу негизинен Головнойдон бөлүнүп, ал суу Тажикстандын Кожо-Ало (Мачайи) айылы аркылуу келет. Көпчүлүк учурда кошуналар сууну өздөрү алып, бизге өткөзбөй кыйнашат. Буга чейин да суу маселеси жаралып, эки тарап сүйлөшүү жүргүзгөн кийин суу берилип калган эле. Бирок дагы 1 жумадан бери суу көйгөйү кайра башталды.


Баткен районунун акимине бул маселе боюнча кайрылсак, алар берип жатабыз дешет. Суу бөлүнгөн жерди карасаңар ал жерден көп эле көлөмдө суу бөлүнүп, Кожо-Ало айылына кирет. Бирок андан бизге эптеп эле аккан сууну беришүүдө. Биз кезек менен чарбактарыбызды суугарып, ичүүсү таза сууну болсо 8 км узакта жайгашкан Ак-Татыр айылынан ташып ичип жатабыз. Унаасы барлар унаасы менен, унаасы жоктор ар кимге жалынып, жол кире төлөп ташып ичишет. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү суу маселесин чечип беришсин. Элди кыйнабай», - деди ал.


Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү суу негизинен элге жетерлик эле нормада берилип жаткандыгын айтышты. Суу Тажикстандын Кожо-Ало айылы аркылуу өткөндүктөн айыл ичинде суу кармалып калышы мүмкүн экендигин билдирип, бул боюнча Тажикстандын Исфара районунун жетекчилигин кабардар кылып, маселе чечилерин белгилешти.


Ал эми Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев бул боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.


Булак: "Турмуш"




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн