Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 16:58
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Самат Курманкуловго милициянын генерал-майору наамы ыйгарылды

09.06.2021 19:42
1073
Самат Курманкуловго милициянын генерал-майору наамы ыйгарылды


Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана Ички иштер министри Улан Ниязбеков Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов жана анын үй-бүлөсүнөн кабар алышты. Бул тууралуу президенттин Администрациясынан билдиришти.


Өз кезегинде Иманкулов Курманкуловго ден соолугу жөнүндө сурап, тезирээк сакайып, кызматына кайтып келүүсүн каалады. Ал Самат Курманкулов сыяктуу кызматкерлер ушул антка берилгендик менен кызматтык милдеттерин аткарууга жана жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө ар дайым жоопкерчилик менен мамиле жасашарын белгиледи. 


Жолугушуу соңунда Самат Курманкуловго президент Садыр Жапаровдун атынан милициянын генерал-майру наамы ыйгарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн