Самбо боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү Самара Абдумалик кызы самбо боюнча Дүйнө чемпионатында, 50 кг салмак категорияда коло байгенин ээси болду.
Мелдеш 10-15-ноябрь күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында өттү.
Белгилей кетсек, курама команда Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлдү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн