Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:35
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Самбо боюнча дүйнө чемпионаты: Кыргызстан командалык эсепте экинчи орунду ээледи

14.11.2022 14:49
603
Самбо боюнча дүйнө чемпионаты: Кыргызстан командалык эсепте экинчи орунду ээледи

Бишкектеги самбо боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курамасы жалпы командалык көрсөткүчтө 2-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, самбо боюнча дүйнө чемпионаты 11-13-ноябрь күндөрү “Газпром-балдарга” ден соолукту чыңдоо борборунда өттү. Чемпионатка 50дөн ашык өлкөдөн 500дөй спортчу катышты. Жалпы 21 комплект медаль төмөнкү салмак категорияларда ойнотулду:


Кыз-келиндер: 50 кг, 54 кг, 59 кг, 65 кг, 72 кг, 80 кг, +80 кг;

Эркектер: 58 кг, 64 кг, 71 кг, 79 кг, 88 кг, 98 кг, 98+ кг;

Күжүрмөн самбо: 58 кг, 64 кг, 71 кг, 79 кг, 88 кг, 98 кг, 98+ кг.


Кыргызстандан аталган мелдеште жалпы 6 медаль жеңди. Анын ичинен 2 алтын, 1 күмүш жана 3 коло.


Мелдештин биринчи күнү 79 кг салмак категорияда күжүрмөн самбо боюнча Дайыр Карыяев алгачкы алтын медалды алып келди. Чемпионаттын экинчи күнүндө 98 кг жогоркулар арасында Бекболот Токтогонов спорттук самбо боюнча алтын медаль алды.


Ошондой эле 71 кг салмакта Феликс Уланбеков күмүш медалга, 88 кг салмак категорияда Жамалбек Асылбек уулу жана күжүрмөн самбо боюнча 64 кг салмак даражада Саяк Бараканов коло байгеге ээ болушту. 13-ноябрь күнү мелдештин жыйнтыктоочу күнүндө 88 кг салмак категорияда күжүрмөн самбо боюнча Бектен Эркебай уулу дагы бир коло медаль жеңди.


Жалпы медалдык эсепте Кыргызстан 2-орунду ээлесе, биринчи орунду ФИАС 1 (Россия), 3-орунду ФИАС 2 (Беларусь) ээледи.


Маалымат катары: Эл аралык самбо федерациясынын чечими менен Россия, Беларусь жана Франция ФИАСтын желеги менен мелдешке катышты. Чемпионаттын байге фонду 231 миң долларды түздү.


Белгилей кетсек, самбо боюнча дүйнө чемпионаты Кыргызстанда алгачкы жолу өткөрүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн