Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Самидин кары Атабаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Замир кары Ракиев кол койгон.
Азирети муфтий Бишкек шаардык казыятынын эмгек жамааты менен жолугуп, казыяттын ишмердүүлүгү жоопкерчиликтүү экендигин баса белгилеп, жаңы дайындалган Бишкек шаарынын мусулмандар казысынын ишине ийгилик каалады.
Самидин кары Атабаев диний жогорку билимге ээ. Орус, түрк, өзбек, араб тилдеринде эркин сүйлөйт.
Эскерте кетсек, Самидин кары Атабаев буга чейин Ош облусунун мусулмандар казысы болуп эмгектенип келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн