Бугу 10, 2024
Убакыт: 03:51
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Samsung компаниясынын башчысы 2,5 жылга эркинен ажыратылды

18.01.2021 14:09
596
Samsung компаниясынын башчысы 2,5 жылга эркинен ажыратылды


Samsung Electronics компаниясынын вице-президенти жана Samsung Groupтун башкы мураскери Ли Чжэ Янг пара бергендиги үчүн эки жыл алты айга эркинен ажыратылды, деп билдирет соттун чечимине шилтеме берүү менен Рёнхап агенттиги.


Сеулдун Жогорку Соту Samsung компаниясынын мураскерин конгломераттагы бийлигин күчөтүү негизинде өкмөткө пара бергендиги үчүн эки жарым жылга эркинен ажыраткан. Ли Чжэ Янг сот залында камакка алынган. 


Samsung компаниясынын мурунку төрагасы Ли Гун Хи 2020-жылы 25-октябрда Сеулдагы Samsung ооруканасында көз жумган жана мурасты өткөрүп берүү бир нече жылга созулушу мүмкүн болчу. 2014-жылы эле Ли Гонг Хи жүрөгү кармап калып, корпорацияны башкаруу анын уулу, компаниянын вице-президенти 52 жаштагы Ли Джэ Янга өткөн. 


Маалыматка ылыйык, Түштүк Кореянын прокуратурасы Ли Чжэ Янгды 2014-жылы конгломератты көзөмөлгө алуу үчүн мыйзамсыз акцияларды алдоо жана корпоративдик биригүүлөргө барган деп айыптады. Анын жүрүшүндө ал Samsung компаниясынын бир катар туунду компанияларын бириктирүүгө мамлекеттик колдоо үчүн 8,9 миллиард вон (8 миллион долларга жакын) параны мурдагы президент Пак Кын Хенин жакын досуна берген.


"Соттолуучу мурдагы президент Пак Кын Хенин талаптарына моюн сунуп, активдүү пара берип, атасынан бийликти алуу үчүн ал кыйыр түрдө президенттин бийлигин пайдалануу өтүнүчүн билдирген", - деп билдирди сот. 


Эске салсак, Пак Кын Хе 2017-жылы импичменттин натыйжасында ондогон жылга эркинен ажыратылган.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн