Бугу 16, 2024
Убакыт: 20:04
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Санарип министрлиги жоголгон же табылган документтердин cүрөтүн интернетке жарыялабоого чакырды

15.12.2023 17:24
364
Санарип министрлиги жоголгон же табылган документтердин cүрөтүн интернетке жарыялабоого чакырды


Санариптик өнүктүрүү министрлиги соңку мезгилдери жоголгон документтерди же алардын ээлерин социалдык түйүндөр жана мессенжерлер аркылуу издөө адатка айланганын билдирип, мүмкүн болсо табылган паспорттордун cүрөтүн интернетке жарыялабоого чакырды. Бул тууралуу мекеменин 15-декабрдагы билдирүүсүндө айтылат.

Министрлик мындай аракеттер жарандардын жеке маалыматтарынын купуялуулугун бузарын эскертет. Ошол себептүү орган табылган документтерди Калкты тейлөө борборлоруна (ЦОН) же Калкты каттоо департаментинин аймактагы бөлүмдөрүнө жеткирип берүүнү сунуш кылат. Документтер андан ары алардын ээлерине берилет.

Маалыматта айтылгандай, мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүү порталында жана “Түндүк” тиркемесинде “Табылгалар бюросу” (Бюро находок) системасы иштей турганы айтылат. Адистер эгер жоголгон документтер тиешелүү органдарга тапшырылса кайсы жерде табылганына карабай тактап алышат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын колдонуучулар адатта табылган же жоголгон документтер жөнүндө Фейсбук, Инстаграм, Тик-ток социалдык түйүндөрүнө жана Ватсап, Телеграм сыяктуу мессенжерлерге кулактандыруу берип, башкалардан жардам сурашат. Мурдараак ушундай жолдор менен паспорттору же ID карталары жарыяланып кеткен кээ бир адамдар документтерин шылуундар ар кандай максат үчүн колдонуп жатканына даттанып чыгышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн