Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:37
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Санариптештирүү боюнча иш алып барган 4 ишкана жабылды

21.10.2021 14:32
650
Санариптештирүү боюнча иш алып барган 4 ишкана жабылды

Кыргызстанда мурдагы Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы “Түндүк”, “Инфо-Система”, "Соцсервис" жана "Транском" ишканалары жоюлуп, алардын милдети “Инфоком” мамлекеттик ишканасына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу маалыматты Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун коомдук кеңешчиси, “Түндүк” ишканасы жоюлганга чейин анын директорунун орун басары болуп турган Азамат Буржуев “Азаттыкка” ырастады.


Анын айтымында, санариптик кызматтарды аткарган беш ишкананын бирөө - "Укук" мекемеси сакталып калды жана башкаруу Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.


Мунун алдында социалдык тармактардын колдонуучулары “Түндүк” мамлекеттик ишканасы жоюлуп кеткенин жазып жатышкан. IT тармагындагы адистердин бири Чолпонбек Эсенбек уулу “көп эмгек жумшалып, эң жакшы жыйынтык көрсөтүп жаткан мекемени жоюп салса боло береби?” деп суроо салган.


Мурда “Түндүк” мамлекеттик ишканасына караган tunduk.gov.kg сайтында ишкана кайрадан башка мекемелерге биригип жатканына байланыштуу жабылганы жазылып турат. Маселелер боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигине кайрылууну сунушталат.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн