Бугу 13, 2024
Убакыт: 18:25
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Санариптештирүүнү өнүктүрүү жаатындагы беш ишкананын директору кызматтан алынды

23.04.2021 10:50
777
Санариптештирүүнү өнүктүрүү жаатындагы беш ишкананын директору кызматтан алынды

Санариптештирүүнү өнүктүрүү жаатындагы беш мамлекеттик ишкананын директору кызматтан алынды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине КР Санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, "Түндүк" мамлекеттик ишканасынын директору - Нурия Кутнаева, "Инфо-Система" мамлекеттик ишканасыныни директору - Руслан Токочев, "Соцсервис" ишканасынын жетекчиси - Аман Абдылдаев, "Укуктун" башчысы Улукбек Юсупов жана "Транском" ишканасынын башчысы Максат Жумабаев кызматтан бошотулду.

Аталган кызматтан кошумчалашкандай, жетекчилер гана кызматтан алынды жана алардын ордуна башкалар дайындалат.

Азырынча беш жетекчинин кызматтан алынуусунун себеби ачыкталган жок.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн