Бугу 16, 2024
Убакыт: 12:03
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Гарвард университети менен IT багытында кызматташат

15.03.2024 15:59
154
Санариптик өнүктүрүү министрлиги Гарвард университети менен IT багытында кызматташат


Күн мурун санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева Гарвард университетинин өкүлдөрүн Ниса Габба – Tutelligence долбоорунун негиздөөчүсүн, Фарри Габба – McKinsey&Company жана Касси Габба- Boston Consulting Group компанияларынын аналитиктерин кабыл алды.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө министр Кутнаева Кыргызстанда билим берүү чөйрөсүндө "жасалма интеллектти" жайылтуу боюнча долбоор менен тааныштырды. Тараптар өлкөдөгү биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.

Министр "жасалма интеллект" Кыргызстандагы санариптештирүү процессиндеги маанилүү багыт экенин белгилеп, министрликтин Гарвард университетинин өкүлдөрүнүн катышуусунда IT багыты боюнча иш-чараларды биргелешип өткөрүүгө жана бардык кызыкдар өнөктөштөрдү тартууга даярдыгын билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн