Бугу 16, 2024
Убакыт: 20:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Санариптин сыры менен чыны кандай?

29.01.2024 17:09
220
Санариптин сыры менен чыны кандай?


- Санарип багытында акча табуу менен өнүгүү жолун кандайча чечмелесек болот? Мисалы, үлгүсү барбы?


Тазабек Икрамов, Жогорку Кеңештин депутаты:


- Дүйнө бүтүндөй санарипке өтүп жатат. Мындай шартта биз дүйнөлүк агымдан артта калбашыбыз керек. Санарип – бул ыкчам байланыш, нанотехнологиялык өсүш катары жөнөкөйлөтүп айтсак болот. Маселен, азыр почта тутумдарына, маалымат алмашуу жаатында ыкчамдык пайда болду. Технология өнүктү. Мурдагыдай байланыш кызматтарын күндөп, айрым учурда жумалап күтмөй жок. Дүйнөнүн ар тарабы менен 24 саат бою байланышса болот. Андан тышкары, санарип келери менен электрондук соода күчөп жатат. Кызыктырган товарды өз наркында алганга мүмкүнчүлүктөр ачылды. “Амазон”, “Алиэкспересс” жана башка электрондук соода жүгүртүүчүлөрдүн товар жүгүртүүсү 200 миллиард долларга чейин эле жеткени бул тармакта канча каражат жүгүртүлөрүнөн кабар берет. Биз да бул агымдан калбашыбыз керек. Ошол эле жасалма интеллект, IT багытындагы программалоо жаатында иштеп жаткан биздин жаштар келечекте санарип экономикага чоң салым кошот.



Балбак Түлөбаев, Жогорку Кеңештин депутаты:


- Бизнесте санарип багытында акча тапса болот. Таап деле жатышат. Мисалы, баарыбыз колдонуп жаткан “Мбанк” эң сонун санариптик банк системасы. Туризм тармагы, айыл чарбадагы чип системасынын баары санариптик системанын ыңгайлуулугу десек болот. Маселен, ККМ аппараттары каржы тармагында өнүгүүгө алып келсе, мектептердеги электрондук күндөлүктөр, автобустагы “Тулпар” карта төлөмдөрүнүн баары санариптик өнүгүүдөн кабар берет. Ал эми мамлекеттин баардык документтерди бир тиркемеде жүктөлгөн “Түндүк долбоору” да алкоого татыйт. Көп адамдар справка үчүн ары-бери барып убаракерчилик тартпай, “Түндүк долбоорунан” эле керектүү справканы алуу ыңгайлуу экенин түшүнө башташты.   

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн