Бугу 16, 2024
Убакыт: 14:31
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Санэпидкөзөмөл "Альконинин" жасалышы тууралуу маалымат берди

09.11.2022 13:40
339
Санэпидкөзөмөл "Альконинин" жасалышы тууралуу маалымат берди

“Алькони” ишканасы эркин экономикалык аймакта жайгашкандыктан текшерүү жүргүзө албайбыз. Бул тууралуу  маалымат жыйында Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев билдирди.


Анын айтымында, Экономика жана коммерция министрлигинен жолдомо берилгенден кийин гана текшерүүлөр жүргүзүлөт.


“Эгер арыз же кайрылуу түшсө, анда министрликтен жолдомо алабыз. Анда дагы беш күн гана берилет, ушул убакытта текшерүү жүргүзүшүбүз керек. Жетекчилери иш бөлмөсүндө жок болсо бизди киргизбей койгонго укугу бар. “Алькони” ишканасы көптөн бери иштеп келет. Бирок ал Бишкек эркин экономикалык аймакында жайгашкан. Андыктан текшерүү жүргүзгөнгө биздин ыйгарым укугубуз жок. Ал эми Тунгуч кичирайонундагы имараты 2021-жылы ачылган, мыйзамга ылайык, текшерүүнү 2024-жылдын май айында гана жүргүзө алабыз”, - дейт ал.


Мурзашев 3-ноябрда түшкөн каттын негизинде министрликтен жолдомо алып, “Алькони” ишканасын текшерип, 36 миң сомго эки протокол толтурулганын кошумчалады.


Саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Бүбүжан Арыкбаева белгилегендей, “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү” мыйзам боюнча ишкана ачылгандан кийин үч жыл өткөндөн кийин гана текшерүү жүргүзүлөт.


“2022-жылы тамак-ашка уулануу боюнча 69 учур катталып, андан 385 адам жабыркаган”, - деди ал.

Эскерте кетсек, “Не сахар” берүүсү Бишкектеги тез даярдалуучу кесмени чыгарган “Алькони” ишканасынын ишмердүүлүгүн тартып, санитардык эрежелердин бузулушун чагылдырган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн