Тогуздун айы 26, 2024
Убакыт: 10:24
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Санитардык эрежени бузган 680 мекемеге 900 миң сом айып салынды

25.05.2020 11:59
1040
Санитардык эрежени бузган 680 мекемеге 900 миң сом айып салынды


Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча санитардык ченемдерди сактабагандыгы үчүн 680 мекеменин ээлерине 900 миң сомдон ашык суммага айып салынды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.


Маалыматка ылайык, коопсуздук чараларын бузгандыгы үчүн 680 объекттин ээлерине жалпы суммасы 977 миң сомго айыптар салынган. 15 материал баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.


1-майдан 22-майга чейинки аралыкта өлкө боюнча жалпы 6891 объект текшерилген:


Бишкек шааары – 768;

Ош облусу – 2706;

Баткен облусу – 590;

Жалал-Абад облусу – 543;

Талас облусу – 180;

Ысык-Көл облусу – 1385;

Чүй облусу – 428;

Нарын облусу – 245.

Ал эми текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 2710 жазма эскертүү берилип, 707 протокол түзүлүп, 9 эскертүү берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн