Тогуздун айы 10, 2025
Убакыт: 02:28
USD
87.30
87.80
EUR
101.30
102.30
RUB
1.065
1.095

Санитардык-карантиндик блокпосттордон жүк ташыган унаалар тоскоолдуксуз өтөт

03.04.2020 12:15
1019
Санитардык-карантиндик блокпосттордон жүк ташыган унаалар тоскоолдуксуз өтөт


Бишкек шаарындагы санитардык-карантиндик блокпосттордон жүк ташыган унаалар тосколдуксуз өтөт. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары, борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев маалымат жыйында билдирди.


Анын айтуусуна караганда дары-дармектер жана социалдык жүктөрдү ташуучу унаалар тосколдуксуз өтөт. Мындай тапшырмалар баардык блокпостторго берилген.


Ошондой эле, Орозалиев элди алдынкы бир жума аралыгында сыртка чыкпай турууга чакырды.


“Алдынкы 1-2 күн аралыгында коронавирус илдетин жуктургандар менен байланышта болгондордун инкубациялык убактысы жыйынтыкталат. Мындан улам жакынкы жети күн аралыгында чыртка чыкпай турууга чакырам”, - деди комендант.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн