Бугу 13, 2024
Убакыт: 06:47
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Санитардык-карантиндик посттордо текшерүү күчөйт

30.05.2020 12:28
1195
Санитардык-карантиндик посттордо текшерүү күчөйт


Санитардык-карантиндик посттор шаар жана облустарга кире бериште текшерүүнү күчөтөт. Тийиштүү тапшырма бүгүн, 30-майда Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берилди.

 

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргендей, санитардык-карантиндик посттор ишин күчтөндүрүүсү зарыл. Өзгөчө көңүлдү Бишкек жана Ош шаарларына буруу керек. Посттордо тепловизор аркылуу температураны өлчөө жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй жаткандыгы тууралуу сын айтылууда.

 

Бишкек мэри Азиз Суракматов белгилегендей, коомдук жайлардагы оору жугузуп алуу учурларынын саны жогорулагандыгына байланыштуу өлкө аймактарынын тургундарынын борборго каттоосу кооптуу болуп саналат. Буга байланыштуу шаарга каттоону кыскартуу, ага өтө зарыл учурда гана баруу сунушталат.

 

Тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына 5-баскыч алкагында экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар багыттарын жандандырууга даярдык көрүү тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн