Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 05:48
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Санитардык нормаларды сактабаган өкмөт мүчөлөрү сынга кабылды (фото, видео)

18.06.2020 10:34
993
Санитардык нормаларды сактабаган өкмөт мүчөлөрү сынга кабылды (фото, видео)


Социалдык тармактарда премьер-министрдин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү расмий иш-чарасында Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү, мурдагы премьер Мухаммедкалый Абылгазиевдин беткап тагынбаганын, ошондой эле аралыкты сактабаганын сынга алышты. 


Өкмөттүн расмий сайтында өкмөттө премьер-министрдин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү салтанатынан видео жана сүрөттөр жарыяланган. Иш-чарага парламенттик фракциянын лидерлери катышкан, алардын кээ бири беткапсыз болгон. 



Социалдык тармактардын колдонуучулары элди санитардык нормаларды сактап, дайыма беткап тагынууга, аралыкты сактоого үндөп келген жетекчилер өздөрү эрежелерди сактабаганын жазып, сынга алышууда. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн